15-январда Бишкектин Ленин райондук администрациясынын башчысы Алтынай Өмүрбекова менен экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда шаардагы Жаш гвардия бульварынын Баатырлар аллеясында өткөн 2012-жылдын декабрь айында орнотулган көчө жарыктары тууралуу сөз болду. "Атай Садыбакасов жана бир канча ыктыярдуу топ орноткон көчө жарыктары архитектуралык нормаларды бузган" деп билдирет мэрия. Жолугушууда бул электр жарыктарын башка жерге көчүрүү жана эстеликтерди кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөрү айтылды. Бул ишке шаардык мэрия даяр экендигин билдирет.