Кыргызстанда 10 күндүк текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз сатыкка чыккан 6500 бөтөлкө спирт ичимдиги алынды. Муну 13-июнда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Алынган спирт ичимдиктеринин суммасы 1 миллион сом. 10 күндүн ичинде 1141 жай текшерилип, мунун 117синде ар түрдүү мыйзам бузуу фактыларынын бети ачылыптыр. Буга күнөөлүүлөрдү административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүрүп жатканы айтылды.