Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулушту. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Руслан аттуу тургунуна таандык болгон 30 миң долларга бааланган БМВ-750 унаасы уурдалган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Урматбек, Наргизбек жана аталган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүнүн аялы болгон Аида аттуу жарандар кармалган. Кылмыштын айынан унаасын уурдаткан жаран 1 миллион 620 миң сом зыян тарткан.
Бишкек ШИИББинин маалыматына караганда, Октябрь райондук соту кармалган жарандарды эч жакка кетпөө тил катынын негизинде эркиндикке чыгарган.