Ош жана Жалал-Абад шаарларына газдын качан берилери белгисиз. Муну бүгүн, 13-июнда депутат Назарали Арипов SUPER.KG порталына билдирди. Айтымында, өкмөт 12-июнда парламентте газ маселеси тууралуу маалымат берүүдө Ошко газдын качан берилери белгисиз экенин, Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр болбой жатканын айткан. Айта кетсек, газ маселеси кечээ парламентте жабык эшик артында талкууланган.
Өлкөнүн түштүк аймагына 2 айдан бери газ бериле элек.