Баткен облусундагы адистештирилген лицейде коррупциялык схема ачыкталды. Мындай маалыматты бүгүн, 13-июнда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматтарга караганда, Баткендеги №57-лицейдин жооптуу кызматкерлери эмгек жамаатында жок эле адамдар үчүн айлык акы алып турушкан. Жыйынтыгында мамлекетке 131 824 сом зыян келтирилген.
Бул окуя боюнча учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.