Бишкектин окуучулары “кылмыштар көп учурда курулуп бүтө элек үйлөрдө болот” дешет

Бишкектин окуучулары “кылмыштар көп учурда курулуп бүтө элек үйлөрдө болот” дешет. Бул тууралуу маалымат “Жашы жете элек өспүрүмдөр жасаган кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо” аттуу сурамжылоонун жыйынтыгынан алынды.

Ага таянсак, “Кылмыштар кайсы жерде көп болот?” деген суроого окуучулардын көпчүлүгү “көчөдө, адам жок жерлерде, эч ким жашабаган жана курулуп бүтө элек үйлөрдө” деп жооп беришти. Ушул суроо боюнча экинчи орунга мектеп, үчүнчү орунга интернет-клубдар чыкты.

Белгилей кетсек, аталган сурамжылоо 2014-жылы Бишкек шаары боюнча 15 мектепте өткөрүлүп, ага 7-класстан жогорку 1029 окуучу катышкан. Сурамжылоо КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин тапшырмасы менен социалдык кызматкерлер, мугалимдер жана окуучулардын ата-энелери тарабынан жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан