Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук администрациясында 12-июнда диний кырдаал талкууланган жыйын өттү. Ага район акими, райондук соттун төрагасы, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү, мугалимдер жана башкалар катышты. Жыйында диний экстремизмдин алдын алууда биргелешип иштешүүнү күчөтүү, экстремисттик идеялардын жайылышына бөгөт коюу, улуттар аралык кастыкка жол бербөө маселелери талкууга алынганын билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Район аймагындагы аксакалдар сотунун иштери да каралыптыр.