Бүгүн, 13-июнда депутат Назарали Арипов SUPER.KG порталына: “Каалайбызбы, каалабайбызбы, “Центеррага” Давыдов мөңгүсүн бузуп иштөөгө уруксат берилгени жатат”,- деп билдирди. Депутат муну өкмөткө шилтеме берүү менен билдирди. Айтымында, Кыргызстан "Кумтөрдү" улутташтырабыз" деп коркутуп жатса, алар "ишти токтотобуз" деп коркутууда.
“Өкмөт “Кумтөрдөгү” үлүштү 50х50 пайыздан бөлүшө турган биргелешкен ишкана түзүшү керек эле. Бирок ага “Центерра” каршы чыгып, "акционердик коом түзөбүз" деп жатыптыр. Бул ишкана түзүлсө, үлүш 50х50 пайыз бойдон калганы менен, башкаруу укугу канадалык тарапка өткөнү жатат. Ошондой эле канадалыктар “Кумтөрдөгү” Давыдов мөңгүсүн бузууга уруксат сурап жатышат. Эгер уруксат берилбесе, ишти токтотушат экен",- деди Арипов.