Чыныбай Турсунбеков: “Инвесторлор Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде гана иштөөгө тийиш”

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясында “Талды-Булак сол жээк” кенинде иштеп жаткан “Алтын кен” компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө маселе каралды.

Фракция лидери Чыныбай Турсунбеков депутаттар “Алтын кен” компаниясынын иши менен жеринен таанышканын, бир катар мыйзам талаптары бузулуп жатканына күбө болушканын, азыр алар четинен чечиле баштаганын айтты. “Компанияда негизинен кыргыз жарандары иштеши керек. Алардын эмгеги социалдык жактан коргоого алынууга тийиш. Ошону менен бирге биз инвесторлорго да жардам беришибиз керек, бирок алар да Кыргызстандын улуттук мыйзамдарынын негизинде гана иш алып барууга тийиш”,- деди Турсунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан