16-июнда өлкөнүн экономика министри Темир Сариев “Министр байланышта” акциясына катышат.
Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, ал күнү министр Темир Сариев жарандык коомдун жана жалпы ММК өкүлдөрү менен жолугушуп, суроолоруна жооп берет. Акциянын жүрүшүндө министр 2014-жылга карата министрликтин пландары, иштери жана Бажы биримдигине байланышкан маселелерге токтолот.