Аризона штатынын Прескотт-Вэлли шаарынын полиция кызматкерлери тапанчасынан Айга карай ок чыгарган жигитти кармап, ага кылмыш ишин козгошту. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, полиция бөлүмүнө жергиликтүү тургундан коңгуроо түшүп, ал жигиттин асманга карай ок чыгаргандыгын айткан. Окуя болгон жерге келген укук коргоо кызматкерлери 39 жаштагы Кэмерон Ридди кармашкан. Кармалган учурда ал "Мен алгач Галлея кометасын көргөм. Андан соң Айга карай ок чыгардым" деп кылган күнөөсүн моюнуна алган.
Учурда бул кылмышка шектелген Кэмерон Рид тергөө абагында. Ага "мыйзамсыз курал-жарак кармаган, коомдук жайда тартип бузуп, тегерегиндегилердин тынчын алды" деген айыптар тагылууда.