Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова баштаган депутаттар бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарындагы Улуттук филармонияда белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргызстандын экс-премьер-министри Жумабек Ибраимовдун 70 жылдык мааракесине арналган жыйынга катышты.
Мамырова чыгаан инсан Жумабек Ибраимовдун өмүр жолуна, жигердүү мамлекеттик ишмердүүлүгүнө токтолуп, кыйын мезгилде кыргыздын жүгүн көтөрүп, кайсы гана жерде болбосун, өз милдетин берилүү менен аткарганын белгиледи. "Ал жөнөкөй жумушчудан тартып өкмөт башчылыгына чейинки басып өткөн жолунда элине ак кызмат кылуу менен өзүнүн артында өлбөс-өчпөс из калтырды. Өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү ачык айтып, ага каршы күрөшкөн улуттун мекенчил уулу, чыныгы атуулдуктун үлгүсүн көрсөттү",- дейт депутат.
Башка депутаттар Жумабек Ибраимов мыкты кадр, дасыккан адис катары кийинки муунга үлгү экенин айтышып, көзү тирүү кезинде эле калк сыймыгына айлангандыгын кошумчалашты.