Бишкекте "ачкычтардын топтому менен уурулук кылган" деп шектелип 13 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 13-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын 54 жаштагы Гүлжан аттуу тургуну милиция бөлүмүнө кайрылып, белгисиз адам бекилүү турган эшикти атайын ачкычтардын топтому менен ачып, азык-түлүктөрдү уурдап кеткенин кабарлаган.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган Чаткалбек аттуу өспүрүм кармалган. Ал апасынын коштоосунда милиция бөлүмүнө алынып келген. Учурда иликтөө иштери уланууда.