Премьер-министр Жоомарт Оторбаев суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Өкмөт башчынын куттуктоосунда булар айтылат:
"Урматтуу суу чарба кызматкерлери!
Сиздерди өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Кыргызстан суу ресурстарынын запастарына бай өлкө. Алсак, Кыргызстанда жыл сайын 45 миллиард метр куб дарыя-суулар агып турат. Жер алдындагы суу запастары 13 миллиард метр куб, көл суулары 1745 миллиард метр куб жана мөңгүлөр 650 миллиард метр кубду түзөт. Өлкөдө жалпыcынан 3000 ашуун дарыя бар. Суу чарбасында республика боюнча бардыгы болуп 6 миңден ашуун адам эмгектенет.
Кыргыз өкмөтү суу чарба адистеринин республиканын айыл чарбасын өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалайт. Калкынын жарымынан көбү айыл чарбасында, анын ичинде дыйканчылыкта иштеген биздин өлкөбүздүн экономикасын динамикалуу өнүктүрүү үчүн ар бир тамчы сууну натыйжалуу пайдалануунун мааниси чоң. Андыктан сиздер аткарып жаткан иштер фундаменталдуу мааниге ээ.
Азыркы кезде Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүү программасынын алкагында жаңы жерлерди өздөштүрүү жана айдоо жерлердин мелиорациялык абалын жакшыртуу багытында алгылыктуу жумуштар аткарылууда.
2014-жылдын сугат мезгилине карата мамлекеттик сугат тармактарын, суу чарба объекттерин оңдоо жана калыбына келтирүү жумуштары өз убагында сапаттуу аткарылып, натыйжада суу пайдалануучу дыйкандарды сугат суусу менен үзгүлтүксүз өз убагында камсыз кылууга шарт түзүлдү.
Учурда суу чарбасында эмгектенип жатышкан инженердик-техникалык кызматкерлер, сугатчылар республикабыздын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун үстүндө жигердүү эмгектенип жатышат.
Урматтуу суу чарба кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар бириңиздерге чың ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт, жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!”