Паспортунун айрым бөлүктөрү жасалма болгон орусиялык жаран чек арадан өтүүгө аракет кылып жатып кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 12-июнда “Ак-Тилек-унаа жол” көзөмөл өткөрүү жайынын чек арачылары документ текшерүү учурунда мамлекеттик чек араны бузууга аракет кылган Орусия Федерациясынын жаранын кармашты. Кыргызстандан Казакстанга багыт алган орусиялык жарандын паспортунун айрым бөлүктөрү жасалма болгон. Тактап айтканда, паспорттун ээсинин сүрөтү алмаштырылып, туулган жылы өзгөртүлгөн.
Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган жаран Чүй облусунун Ысык-Ата району боюнча УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.