Кыргызстандагы ислам багытында билим берүүчү 80дей мекемеге мамлекеттик үлгүдөгү документ берилбейт

Кыргызстанда исламдык багытта билим берүүчү 80 мекемеге мамлекеттик үлгүдөгү документтер берилбейт. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы билдирет. Комиссиянын маалыматына ылайык, ислам дини боюнча окуткан мекемелерде билим берүүнүн деңгээли төмөн, матераилдык-техникалык базасы начар, жогорку даражадагы окутуучулар жетишсиз. Ошондой эле православ чиркөөсүнүн алдындагы мектептерде диний билим менен бирге башка сабактар да окутулуп, мамлекеттик документ берилет. Бул багытта Мамлекеттик дин комиссиясы ЖКнын Билим берүү, илим маданият жана спорт боюнча комитети менен биргеликте диний билим берүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан