Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өлкөдө көрсөтүү жоопкерчилигин алган НТС күйөрмандарга ачылыш аземин көрсөтө алган жок

Ири спорттук иш-чараларды өз үйүндө кабыл алган мамлекеттер мелдештин деңгээлин ачылыш аземи аркылуу көргөзүүгө тырышышат. Чоң мааниге ээ болгон салтанатты көрбөй калган күйөрмандар көчкө жарым жолдо кошулган жолоочунун абалында калары бышык. Футбол боюнча кызуу башталган Дүйнө чемпиондугун Кыргызстандын аймагында көрсөтүү жоопкерчилигин алган НТС телеканалы аркылуу күйөрмандар кечээ, 12-июнда мелдештин ачылыш аземин көрө алышкан жок. Аземди күтүп жаткан күйөрмандар бул жорукка кыжырланышканы анык. Анан да бир топ техникалык катачылыктар болуп жатты. Мунун себебин билүү үчүн аталган телеканалга байланышка чыкканыбызда каналдын спорт баяндамачысы Жолдош Исаков төмөндөгүдөй комментарий берди :

“Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи боюнча токтолсом, уюштуруу иштеринин жетишсиздигинен улам, тилекке каршы, ачылыш салтанаты 25 мүнөт гана болуп, оюн башталуучу убакытка 1 саат 25 мүнөт калганда аяктады. Ортодо бош калган убакытта орусиялык телеканалдар жөн гана стадионду көрсөтүп турушту. Ал эми Азияда эфир баасы кымбат болгондуктан, азиялык телеканалдар ачылыш аземин көрсөтүшкөн жок. НТС сигналды Азиядагы телеканалдардан алгандыктан, алар бизге бош эфир берип коюшту. Ошол себептүү ачылыш аземи көрсөтүлбөй калды. Бизге сигнал Бразилия-Хорватия беттешинин башталарына 35-40 мүнөт калганда гана берилди. Ал эми техникалык катачылыктар боюнча айтсак, мындай ири мелдешти кабыл алууга Кыргызстандын аймагындагы телеканалдардын форматы туура келбейт. Сигнал түз алып берүү укугуна ээ болгон телеканалдарга бирдей берилгени менен, биздин техникалардын ал форматты кабыл алуусунда бир топ кыйынчылык туулат. Ошого карабай, калктын 90 пайызына биз дүйнө чемпиондугун түз эфирден көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп жатабыз”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
adidilet
2014-06-13 16:01:04
эң башкысы футбол оюнунун көрө алдык да..а ачылыш аземинин бизге кереги деле жок
-1
kg_samat_9595
2014-06-13 16:54:13
Ачылыш аземи андай деле эн маанилуу болгон жок негизи..
-1
Aaly
2014-06-13 16:56:58
Мен да кутуп отурдум. Ачылыш мага кызык, себеби ачылыш бул даярдык денгээлин корсотот. Менин футбол майрамдык настройумду олтурду да :(
Анысы аз келгенсип капкара болуп экран очуп калды, абадан кыжаалат болдум корбой калам деп. Дагы жакшы жыйынтыгы жаман эмес. Ошондуктан алдыда оюнда ушундай проблемалар болсо озум барып урушам алар менен
+1
nurkasym-2014
2014-06-13 17:05:37
Албетте милдетти алгандан кийин соссуз корсотуулору керек.
+1
tumar88
2014-06-13 17:10:41
Кутуп отурсам ушул Жолдош деген байке суйлоп жатты бир кыз менен, создору калып жатты фонограмма ырдаган ырчылардай :)
Биздин техника даяр эмес дептир, жанылыгын корсон ой биз укмуш тоону тонкоробуз, дап даярбыз, сигнал бар деп эле какшап жатышты мактанбаш керек анда мынчалык. Карап коюш керек мындайда. Кыскасы оюн учурда кайфты бузсанар ушинтип анда мен озумо жооп бербейм :)
+1
snejinka
2014-06-13 17:12:12
Хотели как лучше, а получилось как всегда))
+3
gulbara90
2014-06-13 20:50:07
нтс каналын онлайн дан корсом болобу кантип корсом болот билгендер малымат берип кеткилечи
0
nurkojo
2014-06-15 01:19:58
Mirbek55
2014-06-14 13:46:31
КТРден корсотобу деп куттум эле, таптакыр эле жок, ал эми НТС биздин телевизордон тартпайт экен, футболду да корбой каламбыыыыыы(((
0
mir89kg
2014-06-14 14:50:58
А бизде болсо свет жок ))), кайдагы футбол?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан