Бишкекте маршруттук такси жол кырсыгына кабылып, 5 жүргүнчү жабыр тартты. Бул тууралуу Республикалык жол-кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, Лев Толстой көчөсүнөн маршруттук такси ЗиЛ унаасы менен, кийин жол четинде турган Фольксваген Пассат унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын айынан маршруттук таксидеги жүргүнчүлөрдүн арасынан 5 адам ар түрдүү жаракат алышкан.
Учурда унаалар айып жайына токтотулуп, иликтөө иштери башталды.