Бүгүн, 13-июнда “Ата Журт” фракциясынын жыйынында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына мүчө мамлекеттердин – Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын ортосунда Түрк академиясын түзүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралды.
Маалыматка ылайык, Түрк академиясы түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташуу кеңешинин астында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт. Аны илимий кеңеш башкарат. Илимий кеңештин жетекчиси 4 жылда бирден шайланат. Түрк академиясынын түзүлүшү менен көптөгөн илимий иштерди жүргүзүүгө өбөлгө түзүлөт. Академия Астана шаарында жайгашат, анткени анын каржылоо маселелерин Казакстан өз колуна алууда.
Жыйынтыгында ратификациялык мыйзам долбоору 3-окуудан колдоо чечими кабыл алынды.