* Мындан 97 жыл мурун, 1917-жылы
Пишпекте тамак-аш тартыштыгы жана турмуш запкысынан кыйналган фронтко кеткен аскерлердин аялдары козголоң чыгарышкан. Алар уезддик начальниктин мекемесин тосушуп, аларга токтоосуз нан берилишин талап кылышкан. Үрөйү учкан жергиликтүү бийлик кырдаалды кабарлаган телеграмманы 14-июнь күнү Ташкентке жөнөткөн.
* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы кыргыз калкынын улуттук сыймыгы, алп жазуучу
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов жерге берилген. Жазуучу менен коштошууга миңдеген кыргызстандыктар келип, Чыңгыз Айтматовдун чеберчилигине акыркы ирет таазим кылышкан. Атактуу жазуучунун керээзине ылайык, Чыңгыз Төрөкуловичтин сөөгү "Ата-Бейит" мемориалдык-музей комплексине коюлган.
*Мындан 63 жыл мурун, 1951-жылы Вашингтондо биринчи компьютер “UNIVAC 1” сатыкка чыккан.