ЖКнын 2013-жылдагы биринчи жыйынында Баткен облусундагы чек ара маселеси талкууланат
ЖКнын бүгүнкү, 16-январдагы жыйынында Баткен облусунун Чарбак айылындагы чек ара чыры тууралуу маселе талкууланат. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова билдирди. Анын айтымында чек ара чыры боюнча Баткен облусуна барган депутаттарга жергиликтүү тургундар чек ара маселесин чечүү, жолдорду куруу сыяктуу бир катар талаптарды коюшкан. Жалпылап айтканда баткендиктердин суроо-талабы 5 пунктан турат. "Биз жыйында бул маселени карап, тийиштүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн өкмөттү милдеттендиребиз" деди депутат айым.