Свердлов райондук ИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кооптуу делген кылмышка шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда Бишкек шаардык ИИББинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин 36 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, Султан аттуу жаран аны отвёртка менен колго жана төшкө сайганын айткан. Арыз ээси бул окуя боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү суранган. Учурда 1974-жылы туулган Ж.Султанбектин иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.