КРнын Жогорку Сотунун өкүлдөрү Грузияда өткөн эл аралык конференцияга катышты

КРнын Жогорку Сотунун өкүлдөрү Грузияда өткөн эл аралык конференцияга катышып келди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Бул конференция 10-11-январда “Сот чөйрөсүндөгү натыйжалуулук жана айкындыкты ишке ашыруу: сот тармагына маалыматтык, коммуникациялык технологиялардын тийгизген таасири” деген аталышта өтүп, ага Жогорку Соттун аппарат жетекчисинин орун басары Нурлан Султаналиев жана басма сөз катчысы Айнура Токтошева катышты. Ошондой  эле Кыргызстандан сырткары Тажикстан, Молдова, Испания, Сингапур, Литва, Украина, Италия, АКШ сыяктуу 30дай өлкөнүн сотунун өкүлдөрү катышты. Жыйында аудио жана видео жаздыруучу жабдыктарды сот системине киргизүү, заманбап технологияларды колдонуу менен калктын ишенимин арттыруу,соттук системдеги жетишкендиктер жана кемчиликтер сыяктуу маселелер талкууланды. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан