
*Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Кыргыз Эл жазуучусу
Төлөгөн Касымбеков 80 жашында каза болгон.
Кыргыздын чыгаан жазуучусу, тарыхый романистика чебери, коомдук ишмер Төлөгөн Касымбеков 1931-жылы 15-январда Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп эмгектенген. Анын калемине таандык "Сынган кылыч" тарыхый романы (1966) мурдагы Советтер Союзунун дээрлик бардык элдеринин тилдерине которулган. 1980-жылы "Прогресс" басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. Ал эми 1986-жылы "Кел-кел" романы жарык көргөн. Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн Төлөгөн Касымбеков 1970-жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына Каарман эмгеги үчүн медалы, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз тили төш белгиси менен сыйланган. 
*Мындан 91 жыл мурун, 1923-жылы М
амлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин мурдагы көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру, СССРдин Эл артисти, КРнын Баатыры Асанкан Жумакматов Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата айылында болуштун үй-бүлөсүндө туулган. А.Жумакматовдун кыргыз профессионалдык музыкасынын өнүгүшүнө кошкон салымы баа жеткис. Ал Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эмгек Кызыл Туу жана III даражадагы Манас ордендери менен сыйланган. Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору болгон. Асанкан Жумакматов дүйнөлүк, орус, кыргыз классикасынан 50гө чукул опера жана балеттердин музыкаларын оркестрлештирген. 1970-жылдан бери Кыргыз телерадиокомпаниясынын Академиялык симфониялык оркестрине көркөм жетекчи жана башкы дирижёр болуп иштеп келген. Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Асанкан Жумакматов 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган. * Мындан 51 жыл мурун, 1963-жылы советтик "Восток-6" космостук кемеси космоско учуп, анын бортундагы Валентина Терешкова эң алгачкы космоско учкан аял космонавт болуп калган.