Жалал-Абад облусунда май ташуучу унаа оодарылып кетти

Жалал-Абад облусунда май ташуучу унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарында 15-июнь күнү саат 09:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 362-чакырымында (Көк-Бел ашуусунда) Бишкек шаарынан келе жаткан “Строй-Лоум” ишканасына тиешелүү Фотон үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа 42 тонна бензини менен оодарылып кеткен, жабыркагандар жана каза болгондор жок. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, төгүлүп жаткан бензинди токтотууга жардам беришип, өрттүн чыгып кетүүсүнүн алдын алышкан. Күйүүчү май ташуучу унаа жеке менчик крандын жардамы менен тургузулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
future_kg
2014-06-16 09:45:54
Эрте мн тогузда авария болсо, мен кечкии саат 20:30 оттум, антарылып эле жаткан болчу, элдер тамчылап агып жаткан бензинге, челектерин тозуп журушкон экен! Коопсуздукту сактабай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан