Токтогул районунун Кара-Жыгач айылында катуу шамал катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 14-июнь күнү саат 17:15тен саат 18:07ге чейин ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен эки кабаттуу турак үйдүн 270 чарчы метр темир чатыры, Бала-Чычкан айылында 5 турак үйдүн жана аймактык оорукананын чатырын учуруп кеткен. Учурда Райондук жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө.