Ысык-Көл облусунда өрт кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Кырсыктын айынан үйдүн 12 чарчы метр аянты, эмеректери күйгөн. Өрт чыккан жерден үй ээси табылып, ал эсин жоготкон абалда ооруканага жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, ал ооруканага бараткан жолдо каза болгон.
Электр жабдууларын туура эмес куроо кырсыкка себеп болгондугу айтылууда.