“Интернет-клубдун кассасынан 100 миң сом уурдаган” деген шек менен баш калаанын тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Милиция бөлүмүнө Бишкек шаарындагы интернет-клубдардын биринин кассасынан белгисиз адамдар 100 миң сом акчаны уурдап кетишкендиктери тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы борбор шаардын Адилет аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери башталды.