"Айымдарды тоногон" деген шек менен 2 жаран колго түшүрүлдү. Мындай маалымат бүгүн, 16-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тарабынан билдирилди.
Маалыматка караганда, 40-45 жаштардагы белгисиз адам күч колдонуп Гулиза аттуу Бишкек шаарынын тургунунун уюлдук телефонун жана акчасын тартып алышкан. Кылмышка шектүү катары изи сууй электе Нарын облусунун Муратбек аттуу тургуну кармалган.
Ошондой эле 22-24 жаштардагы белгисиз адамдар күч колдонуп Наргиза аттуу Бишкек шаарынын тургунунун акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан. Ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары Николай аттуу баш калаанын тургуну колго түшүрүлгөн.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.