Чоң Чүй каналынан 2 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Алсак, Москва районунда 14-июнда саат 15:45 чамасында ИИМдин райондук кызматкерлери Чоң Чүй каналынан белгисиз 40-45 жаштардагы аял кишинин сөөгүн чыгарып берүүнү куткаруучулардан суранышкан. Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнын Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун куткаруучулары барышып, аял кишинин жансыз денеси каналдан чыгарылган.
Буга катар Аламүдүн районунда 14-июнда ИИМдин райондук кызматкерлери Чоң Чүй каналынан белгисиз 35-40 жаштардагы эркек кишинин сөөгүн чыгарып берүүнү куткаруучулардан суранышкан. Окуя болгон жерге барган КРнын ӨКМнын 1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары эркек кишинин жансыз денесин каналдан алып чыгышкан.
Жансыз денелер ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.