“Кумтөрдө" кен казуу иштери жер астынан жүргүзүлсүн деп жатабыз” дейт депутат Иманкожоева

Бүгүн, 16-июнда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында 2014-жылдын 23-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамга билдирген президент Алмазбек Атамбаевдин каршы пикири каралып жатат. Комитет жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева:Биз “Центеррраны” Давыдов тоосун казбасын деген жокпуз. Кен казуу иштери жер астынан жүрсүн деп жатабыз”,- деп билдирди. 

"Центерра" буга чейин жер астынан казуудан 170 миллион доллар жоготконун айткан.

"Центерра" ишканасына "алтынды алабыз десеңер, жердин астына барып алгыла" деп жатабыз. Бул келишимде да жазылуу. “Иштебейбиз” деп коркутпашы керек. Мына, таза суу менен алтынды чайкап жатат. Биз унчукпай келебиз. Таптакыр иштебей калат деген туура эмес, жер астына барып казсын”,- деп кошумчалады Иманкожоева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан