Бүгүн Октябрь райондук сотунда мурдагы мэр Иса Өмүркуловдун иши боюнча сот отуруму болот

Бүгүн Октябрь райондук сотунда мурдагы мэр Иса Өмүркуловдун иши боюнча сот отуруму болот. Бул тууралуу аталган райондук соттон бүгүн, 16-июнда кабарлашты.

Айта кетсек, буга чейин мамлекеттик айыптоочу экс-мэр Иса Өмүркуловду 8 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алууну сураган эле.

Эске салсак, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан