“Кумтөр” биздин өкмөттүн үстүнөн өкмөт болуп алгандай сезилип жатат” деди Сайдулла Нышанов

Бүгүн, 16-июнда депутат Сайдулла Нышанов Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынынын “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатып: “Центерра” өкмөттүн үстүнөн өкүл болуп алгандай сезитип жатат”,- деп айтты. Айтымында, өкмөт өкүлдөрү өздөрүнүн айткан сөздөрүн чанып, так позициясына турбай жатышат.

Биз бул мыйзамды карап, кабыл алып жатканда, өкмөттүн өкүлдөрү, ушул жерде отургансыздар. Бирок бүгүн башка позицияны айтып жатасыздар”,- дейт Нышанов.

Жыйында президенттин парламенттеги өкүлү өлкө башчы бул мыйзам долбооруна каршы эмес экенин айтты. “Бул мыйзамдын концепциясын колдойт. Бирок ЖК бул мыйзамды кабыл алып жөнөткөндө өкмөттөн кат келип түшкөн, “бюджетке киреше жагынан мүмкүнчүлүктөргө тоскоолдук жаратат” деген. Президент Конституциянын 80-беренесине таянуу менен өкмөт менен парламентке кайра карап чыгууга жөнөттү”,- деди өкүл.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамга президент Алмазбек Атамбаевдин каршы пикири болуп, мыйзамды артка кайтарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан