Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча макулдашуучу топ түзүү чечимине келишти

Бүгүн, 16-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынынын 2014-жылдын 23-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча макулдашуучу топ түзүү чечимине келишти. Сунушту өкмөт киргизип, комитет мүчөлөрү колдоп беришти. Чечимге ылайык, президент өкүлү, өкмөт өкүлдөрү жана депутаттар макулдашуу тобун түзүшөт.

Жыйында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев:Министрликтер 8-майда бул маселени карап чыгып, биргеликте кароо чечимине келишкен”,- деди. Айтымында, бул маселе бюджетке терс таасирин берип коюшу мүмкүн.

Бюджетке терс таасирин гана тийгизбестен, жер казынасынын 16 түрү иштелип чыгыш керектиги белгиленген КРнын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын ишке ашышына тоскоолдук жаратат”,- деди Сарпашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан