Жумгалдагы окуядан кийин камакка алынган 13 адамдын үчөө ачкачылык жарыялоодо. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда аталган окуя боюнча абакта отурган Эсенгул Карагуловдун жубайы Дамира Садырбаева билдирди.
Анын айтымында, ачкачылык акциясы кечээ, 15-июнь күнү башталган. Учурда айыпталуучулар Жээнбек Мусаев, Эсенгул Карагулов, Эраж Кумарбековдор ачкачылык жарыялашууда. Алар “Жумгалдагы элдик сот боюнча күнөөбүз жок” дешүүдө.
“Менин жолдошум Эсенгул Карагулов менен Эраж Кумарбеков сот отурумуна укук коргоочу катары катышышкан. Ал эми Жээнбек Мусаев жөн эле таксист болчу”,- деди Дамира Садырбаева.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп 3 милиция кызматкери камакка алынган болчу. 2014-жылдын 20-февралында алардын ишин Жумгал райондук соту караган. Бирок сот аягына чыкпай, маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине бензин чачышып, өрттөөгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында айыпталуучулардын экөө катуу сабалып, биринин жансыз денеси 3 айдан кийин табылган эле.
Бул боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, Нарын шаардык соту 13 адамды камакка алган.