Парламенттеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитети бүгүн, 16-июнда “Нан унун байытуу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Дамира Ниязалиеванын айтымында, калктын байытылган унга жетишин жогорулатуу жана байытылган унду өндүрүүгө, өлкөгө алып келүүгө жана сатып өткөрүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Ошондой эле мыйзам долбоору өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн сунушталууда.