Ысык-Көл облусу боюнча 2012-жылы Ак-Суу жана Түп райондорунда кар көчкүсү көп катталды. Кар көчкүнүн кесепетинен 4 адам каза болуп, бир адам жаракат алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык -Көл облустук башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 2012-жылы облус боюнча 10 факты катталган. 2011-жылы бул табият кырсыгына байланыштуу 2 гана окуя катталган.