Мурдагы шаар мэри Иса Өмүркуловдун иши боюнча сот отуруму айыпталуучулардын биринин ооруп калгандыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылды

Мурдагы шаар мэри Иса Өмүркуловдун иши боюнча сот отуруму айыпталуучулардын биринин ооруп калгандыгына байланыштуу кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу мамлекеттик айыптоочу Эмил Жандаев бүгүн, 16-июнда билдирди.

Анын айтымында "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталып жаткандардын бири Тезекбаев ооруп, сот отурумуна келген эмес. Буга байланыштуу сот отуруму 18-июнга жылдырылды.

Айта кетсек, буга чейин мамлекеттик айыптоочу экс-мэр Иса Өмүркуловду 8 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алууну сураган эле.

Эске салсак, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан