Бишкекте "сыракананын кожойкесин бычактады" деп шектелип ошол жерде шишкебек жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Наргиза аттуу айым Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинен сыракананы Карина аттуу айымга ижарага берип келген. Карина сыракананы жарандык никедеги Аваз аттуу жолдошу менен иштетип келген.
Кийин Аваз Карина менен уруша кетип ур-токмокко алганда, Карина милиция чакыртып, Аваз милиция бөлүмүнө алынып барып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Бирок Карина тосмо арыз жазып, Аваз эркиндикке чыгарылган. Эркиндикке чыккан күнү Аваз сыраканага келип кайрадан чыр-чатак чыгарган. Бул учурда сыракананын ээси Наргиза да бар болгон. Аваз аны сөгүп, жеке мамилелерге аралашпай жүрүүсүн айтып, Наргизаны бир нече жолу бычак менен сайып салып, алган жаракаттарынан улам Наргиза окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми Аваз из жашырып кеткен.
Ыкчам издөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү жаран изи сууй электе кармалып, №1-СИЗОго камакка алынган. Аталган окуя боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, иликтөө уланууда.