“Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, “Кумтөрдүн" иши токтойт” жана мамлекеттик бюджетке 6 миллиард сом түшпөй калат”,- деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Муну Сарпашев бүгүн, 16-июнда парламенттеги Агрардык саясат, суу ресурстары жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жыйынында айтты.
Анын айтымында, “Кумтөр” кен иштеттүү ишканасы учурда алтын казуунун жабык түрүнө өтө албайт. “Биз бул мыйзамды колдойбуз. Алтынды ачык казуу келишимге каршы келет. Бирок азыр ишканалардын иштери токтоп калат. Андан мамлекет 6 миллиард сом зыян тартат”,- деди ал.