Асылбек Жээнбеков Азербайжандагы мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Бакуга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Азербайжандагы өкүлчүлүгүнүн иши менен таанышып, ал жакта эмгектенип, билим алып жаткан мекендештерибиз менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Жээнбеков өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформаларга учкай токтолуп, жакынкы мезгилде Кыргызстанда олуттуу өзгөрүүлөр жүзөгө ашарын билдирди. Төрага сыртта эмгектенип, билим алып жүргөн мекендештерибиздин мамлекеттин экономикасына кошкон салымы эбегейсиз экенин баса белгиледи. “Боордошторубуз бөтөн жерде иштеп, өз үй-бүлөсүн гана бакпастан, өлкө бюджетине дагы салым кошушууда. Ал эми сыртта билим алып жаткан жаштарыбыз мезгили келгенде мекенине кайтып, мамлекетибизди өнүктүрүүгө катышарына ишенем”,- деди Жээнбеков. Жолугушуу соңунда төрага мекендештерди сапаттуу билимге ээ болуп, болочокто Кыргызстан үчүн кызмат кылууга чакырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан