Токиодо “Рахмат, Кыргызстан!” аттуу джаз музыкасынын кечеси өткөрүлдү

КРнын Япониядагы элчилиги тарабынан Токио шаарында “Рахмат, Кыргызстан!” аттуу джаз музыкасынын кечеси өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда КРнын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кечеде джаз чыгармаларын үстүбүздөгү жылы жазында Кыргызстанга келип, табиятына суктанып кайткан белгилүү япон артисти Кейко Борджесон аткарган. Иш-чарага джаз музыкасын сүйүп уккан ырчынын күйөрмандары, япониялык жана кыргызстандык искусство, маданият өкүлдөрү катышкан.

Белгилей кетсек, бул кечени өткөрүүгө Кыргызстандын уникалдуу жаратылышы, таланттуу кишилер менен жолугуусу Кейко Борджесонго эргүү берген. Артист музыкалык кечеде Кыргызстанга арнап жараткан джаз композициясынын циклин тартуулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан