Ысык-Көл. Оор жумушта эмгектенген балдарга ар тараптуу колдоо, жардамдар көрсөтүлдү

Ысык-Көл облусунда 2012-жылы “Лидер” коомдук бирикмеси оор жумуштарда иштеген балдардын маселесин чечүү үчүн иш алып барышты. Аталган бирикме “Балдар эмгегине мониторинг жүргүзүү системин киргизүү” долбоорунун негизинде, облустагы оор эмгекте иштеп жүргөн 52 өспүрүмдү аныкташып, аларга бир катар жардамдарды беришти. Шаардык мэриялар, райондук билим берүү бөлүмдөрү, өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору биргелешип жумушчу топ түзүп, иш жүргүзүштү. Алар жер-жерлерде оор иште иштеген балдардын социалдык жөлөк пул алуусуна жана медициналык кароодон өтүү, дарылануу үчүн документтерди калыбына келтирип, 5 жылдан бери мектепке барбаган 5 өспүрүм кесиптик билим берүүчү окуу жайга жиберилди. Мындан сырткары 3 жыл бою окубай калган мектеп жашындагы 9 баланы кошумча окутуу класстарында даярдашып, ушул жылдын сентябрь айынан баштап кадимкидей мектепке бара башташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан