АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия аймагы боюнча жардамчысы Роберт Блейк кыргыз бийлиги менен АКШнын "Манас" аэропортундагы аскер базасынын ижарасын узартуу боюнча сүйлөшүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу “Америка үнү” үналгысы билдирет. “Түркмөнстандагы сапарынан кийин Роберт Блейк Кыргызстанга барат, ал жерден бүтүп бараткан Американын Бишкектеги базасынын ижарасы боюнча сүйлөшөт”, - дейт аталган радио. Роберт Блейк Борбордук Азияга болгон үч күндүк иш сапары учурунда “Америка үчүн "Манастагы" базасынын мааниси чоң, Ооганстанга багытталган бардык аскердик керектөөлөрү ушул база аркылуу өтөт” дейт Блейк. Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы АКШнын аскердик базасынын ишмердүүлүгү токтотула тургандыгын билдирип келет.