Парламенттеги Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 16-июнда КРнын Улуттук банкынын төрагасынын 2013-жылдагы иши тууралуу отчётун укту. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, Улуттук банк акча-насыя саясатын кылдат жүргүзүү аркылуу 2012-жылы андан мурдагы жылга салыштырмалуу банк жүгүртүмүндөгү каражатты 2,5 миллион сомдон 3,5 миллион сомго чейин көбөйтүп, инфляция өлчөмүн 7,5 пайыздан 4 пайызга чейин төмөндөтө алды. Ал эми резерв фондуна 2 миллиард доллар көлөмүндө каражат топтолду.
"Азыркы кезде 71 миллиард сом акча жүгүртүлүп жатат. Кыргызстанда 24 коммерциялык банк бар, анын ичинде 10 банк чет өлкөлүк каржы уюму болуп саналат. Коммерциялык банктар насыя катары сомду 16-30 пайыз, долларды 17 пайыз үстөк менен берет. Улуттук банк 2013-жылы инфляцияны кармап туруу багытында 14 миллион доллар каражат жумшаган",- деди Абдыгулов.
Талкууда комитет мүчөлөрү 2013-жылы Улуттук банк кыйла ийгиликтүү иштегени белгиленүү менен, ага коммерциялык банктар менен микрокаржы уюмдарынын насыялык ишине көзөмөлдү күчөтүү, жарандарын арасында насыя саясаты жана насыя алуу маселелерине байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.