Бүгүн, 16-июнда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев мамлекеттик мекемелер, КРнын Социалдык фондунун Биринчи Май райондук башкармалыгы жана Мамлекеттик каттоо кызматы боюнча алдын ала пландабай туруп рейд жүргүздү.
Өкмөт башчысы Социалдык фонддун аталган райондук башкармалыгына барганда жеке ишкерлер жана бухгалтерлер узун кезекте жарым күн тургандыгына арызданышты. Муну алар “мекеменин кызматкерлери отчётторду кабыл алууга жетишпей жатышат” деп түшүндүрүштү. Бул тууралуу Ж.Оторбаев “Чакан ишканалар отчётторун ай сайын эмес, бир кварталда бир жолу тапшырса жеңилирээк болот. Бул сунушту тиешелүү мекемелерге тапшырам” деп өз пикири менен бөлүштү.
Андан соң премьер-министр Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөдү. Бул мекемеде ал узун кезекке нааразы болду. “Жарандар уруксат берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду алуу үчүн жарым күнүн ушул жерде өткөрүп жатышат. Балким, айрым адамдар мындан пайда табууда. Коргоо кеңеши Мамлекеттик каттоо кызматынан 48 коррупциялык схеманы тапкан”,- деди Оторбаев.
Мындан тышкары ал жарандарды убара кылбаш үчүн бардык төлөөлөрдү жана керектүү процедураларды бир жерде өткөрүш керектигин баса белгиледи. “Имарат табуу боюнча Бишкектин мэриясына тапшырма берилген. Анын аянты 1,5 миң чарчы метрге барабар болууга тийиш”,- деди премьер-министр.