Кытайдын Сучжоу шаарынын тургуну футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун көрүп жаткан жеринде, сыналгынын алдында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя жумадан ишембиге караган түнү, Испания-Нидерланды таймашы орун алган күнү болгон.
25 жаштагы жигиттин жансыз денесин текшерүүгө алган медиктер "уйкусу канбай, катуу чарчап жүрөгү кармап калган" деген жыйынтык чыгарышкан.
Белгилей кетсек, көпчүлүк өлкөлөрдөгү футбол күйөрмандары Бразилия убакыт айырмасынын узак экендигин айтып нааразы болушууда. Кошумчалай кетсек, Кыргызстан-Бразилия убактысынын айырмачылыгы 9 саатты түзөт. Ал эми Кытай-Бразилия убактысында 11 саат айырмачылык бар.