Эрлан Абдылдаев Бириккен Улуттар Уюмунун Борбордук Азиядагы качкындар боюнча регионалдык башкармалыгынын башчысын кабыл алды

КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 16-июнда БУУнун Жогорку комиссарынын Борбордук Азиядагы качкындардын иши боюнча регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Б.Дойл менен жолугушту. Анда Дойл өзүнүн Борбордук Азия боюнча өкүл болуп шайлангандыгын тастыктоочу маалым катты тапшырды.

Министр жетекчинин бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен БУУнун Борбордук Азиядагы качкындар боюнча башкармалыгынын кызматташуусу мындан ары да өнүгөрүнө ишенерин айтты. Ошондой эле качкындардын укуктарын коргоо, жарандыгы жокторго колдоо көрсөтүү жана миграциялык маселелерди биргеликте чечүүнү кошумчалады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан