Кара-Сууда “Карышкыр аттуу "криминалдык авторитеттен" келдик” деп ишкердин унаасын тартып алган адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Кара-Суу районунан белгисиз адамдар ишкерлик менен алектенген жаранды тоого алып чыгышып, Карышкыр каймана аты бар "криминалдык авторитеттен" келгендигин айтышып, бычак менен коркутуп унаасын тартып алышкан. Буга катар эле коркутуу жолу менен акча талап кылышкан.
Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында аталган кылмышка шектүү болуп жаткан төрт адамдын бирөөсү кармалган. Учурда аталган окуя боюнча “адам уурдоо”, “мыйзамсыз эркинен ажыратуу” жана “опузалап акча талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.