Эсептөө палатасы: 2013-жылы текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы каржылык тартип бузуулардын көлөмү 1,5 миллиард сомду түздү

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 16-июнда Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованын 2013-жылдагы иши жөнүндө отчётун укту. Эсептөө палатасы 2013-жылы текшерүү жыйынтыгында 49 аудиттик отчётту укук коргоо органдарынын кароосуна жөнөткөн. Жалпы каржы тартибин бузуулардан келтирилген зыяндын көлөмү 1,5 миллиард сомду түзгөнүн айтты.  

2013-жылы баш-аягы 2679 аудиттик текшерүү жүргүзүлгөн: бюджеттик мекемелерге – 2047, чарбаларга – 433, жергиликтүү бюджеттерге – 199. Текшерүүлөр негизинен укук коргоо органдарынын жана Эсептөө палатасынын демилгеси менен жүргүзүлдү. Кылмыш иши козголгон жагдайлар боюнча 168 миллион 169 миң сом өлчөмүндөгү 189 текшерүү жүргүзүлүп, биздикин кошкондо 230 иш укук коргоо органдарына тапшырылды”,- деди Ибраимова.

Жыйынтыгында тармактык комитет Эсептөө палатасынын төрайымынын 2013-жылдагы иши жөнүндө отчётун жактырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан